ЦРУ: Гитлер согуштан кийин 10 жыл жашаган

31-Окт. 2017, Шейшемби, 14:26

ЦРУнун (АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы) жашыруун документтеринде диктатор Адольф Гитлер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 10 жылдан ашык убакыт жашагандыгы белгиленген.

Союздаштары Гитлердин өлгөнү тууралуу расмий билдирүүлөрдү жарыялаганына карабастан кутум теорияларында Гитлер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин көпкө жашаганы айтылып келген.

Колумбияга качкан

Документтерде улутчул диктатор Түштүк Америкага жашырынганын көрсөтүлгөн. Андан улам диктатор Берлиндеги үйүндө өз жанын кыйбаганы, Колумбияга качканы айтылган.

Латын америкалык Цимелоди-3 аталышындагы тыңчы Гитлерди 1955-жылы көргөнүн, ага далилдер бар экенин билдирген. Филипп Ситроен аттуу аскер Колумбияда айына бир жолу Гитлер менен сүйлөшүп турганы жазылган.

Документтер ЦРУнун архивинде

Бомба сыяктуу эле таасир жараткан бул документ 100 пайыз оригинал жана ЦРУнун архивинде турат.

Кутум теорияларында Гитлердин согуштан аман чыккандыгы айтылып жүргөн. Расмий маалыматтарга караганда Кызыл Армиянын кыйноосу менен Гитлер өзүн өлтүргөн жана сөөгү советтик аскерлери тарабынан өрттөлгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!