Аба компания жүргүнчүлөрдүн салмагын өлчөйт

31-Окт. 2017, Шейшемби, 15:58

Бул процедура жалаң гана жүргүнчүлөрдүн уруксаты менен ишке ашат.

“Finnair” аба компаниясы ноябрь айынан баштап учуу алдында жүргүнчүлөрдүн салмагын өлчөйт. Ошондой эле экспериментин жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жүгү тууралуу маалымат жыйноо пландалып жатат. Ушундайча аба компания учакка түшкөн накта салмакты эсептеп көрөт.

Салмагына катыштуу маалыматты жүргүнчүнүн өзү гана билет. Компаниянын маалыматтар базасында бул даректер анонимдүү болот.

“Finnair” компаниясынын маалыматы боюнча, адамдардын салмагы кийим менен бирге жыл мезгилине байланыштуу ар түрдүү болот. Ошону менен катар туристтер менен бизнес-саякатчылардын жүгүнүн салмагында да айырмачылык бар.

Европа авиациялык коопсуздук агенттигинин 2009-жылдагы маалыматы боюнча, эркек киши менен анын кол жүгүнүн салмагы орточо эсеп менен 88 килограмм деп саналса, аялдар – 70 килограмм, 12 жаштагы бала – 35 килограмм.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!