300 рубль берип 200 рубль алыңыз

31-Окт. 2017, Шейшемби, 16:19

Татарстандын борбору Казань шаарында сейрек жана эски акчаларды саткан дүкөн жаңы 200 рублдарды 300 рублдан сатып жатканы белгилүү болду.

“Риа Новости” агенттигиндеги кабарда Севостополдун сүрөттөрү түшүрүлгөн жана сериясы AA болгон жаңы банкноттор “Мир монет” аттуу дүкөндө коллекция топтоочуларга 300 рублга сатылганы белгиленди.

Белгилүү болгондой, 200 жана 2000 рублдик жаңы банкноттор 12-октябрда чыгарылган. Алгачкылары Москвада жана сүрөттөрү түшүрүлгөн Крымда колдонууга киргизилди. Декабрь айынан баштап жаңы банкноттор Россиянын башка аймактарына пайдаланууга берилери белгилүү болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!