Сауд Арабия мега соода шаарын пландоодо

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 12:31

Сауд Арабия Кызыл деңиздин жээгине мега шаар курганы жатат. Кипрдан үч эсе чоң аймакка курула турган шаар соода борбору болот. Риад бул долбоор аркылуу мунайга көз каранды экономикасын өзгөртүүнүн көздөөдө.

Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммад ибн Салман шейшемби күнү Риадда өткөн жыйында “NEOM” аталышындагы шаар Иордания жана Синай жарым аралдарынын ортосундагы аймакка куруларын белгиледи. Азия, Европа жана Африка континетеринин ортосунда жайгаша турган шаар Суэц каналы аркылуу деңиз соода жолдору менен байланышат. “NEOM” шаарынын курулушу 2025-жылга чейин аяктары күтүлүүдө.

Шаар энергия, сууга, биотехника, азык-түлүк жана медиа сыяктуу тогуз түрдүү индустрия тармагына ыктоону көздөөдө. Принц Мухаммад ибн Салман долбоорду “Siemens” концернинин мурдагы жетекчиси Клаус Кляйнфельд ишке ашырарын белгиледи.

Билдирүүлөргө караганда соода аймагы Сауд Арабия эмес, өзүнө таандык мыйзамдар менен иш алып барат.

NEOMго 425 миллиард евро жумшалары болжолдонууда. Долбоорду Сауд Арабия өкмөтү, мамлекеттик фонд, жергиликтүү жана эл аралык инвесторлор каржылык жактан камсыздайт. Аймактын электрге болгон муктаждыгы шамал жана күндүн энергиясы менен толукталат.

NEOM бул “Vision 2030” аттуу ири долбоордун бир бөлүгү. Аталган долбоор аркылуу Сауд Арабия мунай корлорунун азайуусун алдына алат. Ошондой эле, термелип турган мунай бааларына, мунай экспортуна көз каранды экономикалык түзүлүшүн өзгөртүүнү максат кылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!