Кытай жакырчылыктан чыгуунун жолун тапты

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:53

Аталган өлкө жакырчылыкты жоюу максатында айыл чарба аймактарында туризмди өнүктүрүүгө киришти. Бул туурасында “Синьхуа” агенттиги маалымдады.

Мамлекеттик Туризм башкармалыгы 2016-2020-жылдарга карата туризмди өнүктүрүүнүн эсебинен 12 миллион адамды жакырчылыктан куткарууну пландаган.

Кытайдын түштүк батышындагы Гуйчжоу провинциясынын бийлиги миңдеген туристик ресурстарды белгиледи жана 14 аймакка туристтик зоналарды курууну колдоого алды. Ошондой эле, айыл аймактарынын инфраструктураларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга каражат бөлдү.

Бул кадам 2020-жылга чейин бай коомду түзүүнү максат кылган Кытай өкмөтү жакырчылыкты жоюу аракети катары бааланууда.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 43,35 миллион адам жакырчылыктын чегинде жашары белгилүү болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!