Синдзо Абэ кайрадан премьер-министрликке дайындалды

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:57

Япониянын парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаттары Синдзо Абэни өлкөнүн премьер-министри кылып кайрадан шайлады.

Добуш берүүгө 465 депутаттан турган өкүлдөр палатасынын 312 мүчөсү катышты.

Эми Абэнин жетекчилигинде министрлер кабинети түзүлөт. Император салтанаттуу түрдө бекиткен соң өкмөт расмий түрдө ишке киришет.

63 жаштагы Синдзо Абэ премьерлик кызматка 2012-жылдын декабрь айында киришкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!