Терракты тергөөгө жардам беришет

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:08

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын лидери Дональд Трампка Нью-Йорктогу террордук кол салууга байланыштуу көңүл айткан кат жолдоду. Анда окуяга шектелип жаткан кылмышкер боюнча тергөө иштерине Өзбекстан көмөк көрсөтөрүн убада кылды. Мындай билдирүү Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

“Күнөөсүз адамдардын өмүрүн алган Ньй-Йорктогу террордук кол салууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай ырайымсыз кылмыштарга эч кандай актоо жок”,-деп жазылган катта Мирзиёев экстремизм жана терроризмдин кандай түрү болбосун сынга аларын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 31-октябрда Нью-Йоркто эркек адам башкарып бара жаткан автоунаа 8 адамды тебелеп кеткен. Американын маалымат каражаттары кол салуучу Флорида шаарында жашап жаткан 29 жаштагы өзбек тектүү Сайфулл Саипов аттуу жаран экенин жазып чыккан. Бийлик бул адам атайын жасаганын белгилеп, окуяга террордук кол салуу катары баа берди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!