Трамп грин-карт лотереясын жоерун айтты

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:25

АКШнын президенти Дональд Трамп грин-карт лотереясын жоюуга чечкиндүү киришерин шаршемби, 1-ноябрда “Twitter” баракчасына жазды.

“Террорчулар биздин өлкөгө “Визага байланыштуу лотереялык система” менен келишет. Мен жетишкендиктерге негизделген системаны каалайм. Биз мындай миграция үчүн активдүү киришебиз. Демократтардан мындан кийин эч кандай лотерея жок. Биз акыл менен иш кылышыбыз керек”,-деп жазды Трамп.

Бул билдирүүнү президент Нью-Йорктогу терактка шектелген 29 жаштагы Сайфулло Саипов АКШга грин-карт лотереясы аркылуу келгени белгилүү болгондо жазды.

“Diversity Immigrant Visa” программасынын визалар боюнча лотереясын АКШнын мамлекеттик департаменти көзөмөлдөйт. Анда жыл сайын башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн 55 миң виза утушка коюлат. Жеңүүчүлөрдү компьютер аныктары айтылып келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!