Амазонка токойлорунан америкалык үй-бүлөө табылды

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:17

Бразилияда эки балалуу америкалык үй-бүлө табылды. Алар пираттардын кол салуусунан аман кутулган.

30-октябрда Амазонка аркылуу кетип бара жаткан кемеге пираттар кол салган. Буюмдарын тарттырган туристтер өздөрү жашынганга жетишкен.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда 3 жана 7 жаштагы балдары бар үй-бүлөнү 1-ноябрда Пара штатынын тургундары тапкан. Алар катуу корккон жана ачка калышкан. Дарыгерлер алардын денелеринен курт-кумурскалардын чакканынан башка жарат тапкан эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!