Индияда эки баштуу бала төрөлдү

3-Ноя. 2017, Жума, 11:37

Индиянын Амбайогай штатында салмагы 3,7 килограмм сиам эгиздери төрөлдү. Төрөлгөндө эгиздердин дем алуусунда көйгөй байкалган.

Балдардын энеси жергиликтүү ооруканага ичи ооруп кайрылганда дарыгерлер кош бойлуулуктун 32-жумасында түйүлдүктүн өсүшүндө көйгөйлөр жаралганын билишкен. Ошондой эле, медицина кызматкерлери балдардын атасына эгиздер аман калары күмөн экенин эскерткен.

Балдар кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлүп, бир түн өткөндө чарчап калган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!