Пирамидадан сырдуу бөлмө табылды

3-Ноя. 2017, Жума, 12:14

Илимпоздор дүйнөнүн жети кереметинин бири Египетте жайгашкан Хеопс пирамидасынан узундугу 30 метрлик бош жай табышты.

Англиядагы Бристол университетинен Египет таануучу Аидан Додсон “Бул жашыруун бөлмөлөрдөн казына табылбайт”,-деди. Бирок адистер бул бош жай аркылуу көп сыр каткан ири пирамидалардын кандай жасалганына байланыштуу жаңы маалыматтарды билүүгө болорун болжолдошууда.

Хеопс пирамидасы биздин заманга чейин 2509-2483-жылдар аралыгында өкүмдарлык кылган Хеопс фараону тарабынан курулган. Бийиктиги 139 метрге жеткен эстелик байыркы доордон ушул мезгилге жеткен таасирдүү жайлардын бири.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!