Каталония лидерин камоону өкүм кылды

3-Ноя. 2017, Жума, 13:11

Испаниянын чыгышындагы Каталония автономиялуу аймагынын жетекчилери эгемендикке аракетинен улам камакка алына баштады. Аймактын өкмөт мүчөлөрү мамлекетке каршы баш көтөрүү, козголоң уюштуруу жана мамлекеттин каражатын кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып, суракка алынды.

Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн тогузу Мадриддеги улуттук сотко түшүндүрмө берди. Ал эми Брюсселдеги Каталония аймагынын лидери Карлес Пучдемон жана башка 4 министр сотко келген жок. Пучдемон Мадрид бийлигине кайрылып, камакка алынган досторун бошотууну талап кылды. Ал Каталониянын мыйзамдуу жетекчиси экенин белгилеп, саясий кысымдарды токтотууга чакырды.

Прокуратура сотко Карлес Пучдемон жана 4 министрди камоо, аларды кайтарып алуу боюнча сунуш киргизди.

Ал эми учурда иштерин улантып жаткан Каталония парламентинин 5 мүчөсүн жана төрагасы Карме Форкаделди суракка алуу адвокаттардын талабы менен 9-ноябрга калтырылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!