“Twitter” Трамптын баракчасын жапты

3-Ноя. 2017, Жума, 14:22

“Twitter” тармагында иштеген кызматкер жаңылыштык менен АКШнын президенти Дональд Трамп колдонгон баракчаны жаап алган.

Президент Дональд Трамптын “@realDonaldTrump” аттуу баракчасы жергиликтүү саат боюнча 19.00дө жабылган. 42 миллиондой көрүүчүсү бар баракчага киргендер “Мындай колдонуучу жок” деген билдирүүлөрдү алган.

“Twitter” бул боюнча түшүндүрмөсүндө “Бүгүн кызматкерлерибиздин катачылыгынан “@realDonaldTrump” баракчасы 11 мүнөткө жабылды. Бул боюнча териштирүү иштери уланууда”,-деп жазылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!