БУУ: Жарандыгы жоктор 3 миллиондон ашат

3-Ноя. 2017, Жума, 15:20

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Качкындар жогорку комиссарлыгы дүйнө жүзүндө эч бир өлкөнүн жараны болбогон, андан улам адам укуктарынан куру калган 3 миллиондон ашуун адам бар экенин белгилеген.

Мындай абал “This is Our Home" - Stateless Minorities and their Search for Citizenship” (Бул биздин үйүбүз – Жарандыгы жок азчылыктардын жарандык издөөсү” аттуу билдирүүдө чагылдырылган.

Ага ылайык дүйнөдө жарандыгы жок азчылыктар элинин көп бөлүгү буддисттерден турган Аракандагы мусулмандарга тиешелүү.

Андан улам Жогорку качкындар комиссарлыгы дүйнөдөгү бардык өкмөттөргө 2024-жылга чейин бул көйгөйдү жок кылууга чакырды.

Аталган уюмдун Эл аралык коргоо депараментинин президенти Кэрол Батчелор өткөргөн маалымат жыйында “Эгер бул дүйнөдө кайсы бир өлкөнүн жараны болбой жашаса алар күбөлүктөн, документтерден, бардык укуктардан, билим алуудан куру калат”,-деген.

Билдирүүгө ылайык жарандыгы жок топторго сириялык күрттөр, македониялык романдар жана кениялык пембалар кирет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!