Пирамидаларды ар бир адам көрө алат

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:37

Хеопс пирамидасын көрүү үчүн Египетке барууну зарылдыгы жок калды. Париж шаарында иштелип жаткан “Scan Pyramids Mission” аттуу долбоор аркылуу пирамидаларды виртуалдык түрдө зыярат кылууга болот. Анда 3D технологиясы менен бирден ашык адам эстеликти кыдырып көрүшөт. Долбоордун жетекчилеринин бири Мехди Тайобинин айтымында, аларды табылгалары аркылуу кирүүгө уруксат берилбеген бөлмөлөрдү көрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

“Бул технология аркылуу өзүбүздү Египетте, пирамидалардын ичинде жүргөндөй сезебиз. Өзүбүз эле эмес, көп адамдар менен жүрүүгө болот. Каалагандар үй-бүлөсү менен кыдыра алат”,-деди ал.

Ошондой эле долбоордун авторлору ушул эле система аркылуу жакында бардык музейлерди көрүүгө болорун белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!