Ханзадалар люкс мейманканага камакка алынды

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:29

Сауд Арабияда паракорчулуктан улам камалган принц жана министрлер “Алтын капас” деген атка конгон “Ritz-Carlton Riyad” мейманканасынын 2000 адам бата турган залында кармалып турат. Алты жыл мурда пайдаланууга берилген мейман күтүүчү жай 200 миң чарчы метр аянтты ээлейт жана 492 бөлмөсү бар.

“Алтын капаска” айланды

“Ritz-Carlton” “Дүйнөдө унутулгус люкс конок күтүү” деген ураан менен иш алып барган мейманканалар тармагы болуп саналат. Сансыз президенттер, премьер-министрлер жана падышалар үй-бүлөлөрү менен дал ушул жайга жайгашат. Бирок акыркы маалыматтарга караганда аталган жай “Алтын капаска” айлангансыды.

“Дүйнөдөгү люкс абак”

АКШнын президенти Дональд Трампты бир нече ай мурда коноктогон “Ritz-Carlton Riad” камакка алынган 11 принц камалган жерге айланып, “Дүйнөдөгү эң люкс абак” деген аталыш алды.


11 принц жана 4 министр камакка алынган

11 принц менен бирге төрт министр жана көп сандаган арабиялык ишкерлер аптанын аягында паракорчулук менен күрөш операциясында камакка алынган.

Алардын арасында “Forbes” журналынынын “Дүйнөдөгү эң бай 100 адамдын” тизмесинен орун алган принц Аль-Валид ибн Талал Аль Сауд бар.

Принцтер жайгашкан зал 2000 кишилик

“New York Times” гезити “Ritz-Carlton Riyad” мейманканасынан тартылган видеону жарыялады. Анда коопсуздук күчтөрү делген адамдар жерге салынган жууркандарда жатат. Ошондой эле мейманканадагы ири залга 2000 адам батары белгиленген.

Дубалга мылтык жөлөнгөн

“Al Jazeera” телеканалынын алып баруучусунун “Twitter” баракчасына бөлүшкөн сүрөттөн ошол эле залды көрүүгө болот. Ар тарапта униформачандар жүрсө, бир бурчта мылтык жөлөнгөн.

“Абакка камалбаганы эң жакшы чечим”

“Guardian” гезитине маек берген Сауд Арабиянын мамлекеттик кызматкерлеринин бири жетекчилер принцтерди абакка камабай тургандыгын, “Ritz-Carlton” конок үйүнө жайгаштыруу “абдан кадыр-барктуу чечим” экенин белгилеген.

Мейманкана бир нече убакытка жабылат

“BBC” кызматы “Ritz Carlton Riyad” мейманканасына жайгашууга аракет кылган. Бирок күтүлгөн жыйынтык болгон эмес. Интернет сайтында ноябрь айында бош орун калбаганы жазылган. Декабрдын ортосунда эки кишиге орун бар экени, бир түнгө 350 доллар төлөнөөрү белгиленген. Бирок бул жазуу кыска мөөнөттө өчүрүлгөн. Сыягы “Ritz-Carlton, Riyad” бир топко жабык турат окшойт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!