АКШ карызы жагынан биринчиликти алды

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:23

Эл аралык валюта фондусунун (IMF) маалыматарына караганда дүйнөдөгү өкмөттөрдүн жалпы карызы 63 триллион доллардан ашат.

Аталган фонддун маалыматтарга караганда АКШ 19 триллион 940 милиард доллар менен дүйнөдө карызы эң көп өкмөттөрдүн тизмесинде башкы орунду ээледи.

11 триллион доллар менен экинчи орунду Япония, жалпы карызы беш триллион долларга жеткен Кытай өкмөтү үчүнчү орунду ээледи.

Төртүнчү жана бешинчи орунга 2 триллион 454 миллион доллар менен Италия, 2 триллион 375 миллион доллар менен Франция жазылды.

Япония жана Кытайдын карызынын көбү жергиликтүү акча бирдигинен жана өз жарандарына болгон карыздардан турганы белгиленди.

Улуттук киреше жагынан карыздар Япония 240 пайыз, Греция 181,6, Ливан 148,7, Италия 132,6, Португалия 130,3 пайыз экени белгилүү болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!