Козголоңчулар поезд жолдорун тороду

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:09

Испаниянын Барселона жана Гирона шаарларында шаршембиде эгемендикти жактаган жаштар поезд жолдорун басып алды.

Ал эми Барселонанын борборунда өтүп жаткан башка бир нааразычылык акцияларында Каталониянын министрлерин бошотууну талап кылышууда.

Көбү студенттерден турган козголоңчулар темир жолдорго беш саатка жакын отурушкан. Мадрид үнүбүздү уксун деген топ “Поезддерди токтотконубуздун себеби бул жакта экенибизди, күрөшүп жатканыбызды көрсөтүү. Бизди эске албагандарына бир нече ирет күбө болдук. Бирок көрбөй кое алышпайт”,-дешүүдө алар.

Поезддерде көпкө кармалгандар мындай аракеттерге нааразычылыгын билдирип, иштен кечиктирип жатканын айтса, “Булар өз келечегин ойлоп, күрөшүп жатышат",-деп жаштарды жактагандар да арбын.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!