Аялдарды камоо чыгымга алып келет дешти

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:20

Лондондогу Криминалдык саясатты изилдөө институтунун эмгектерине караганда дүйнө жүзүндө жаза өтөчү жайларда жаткан аялдардын саны 714 миңге жетет.

Дүйнө жүзү боюнча канча аял абакта экенин аныктоо максатында жүргүзүлгөн изилдөөдө 2000-жылдан бери эркинен ажыраган кыз-келиндердин саны көбөйгөнү белгилүү болду.

Акыркы 17 жылда алардын санында өсүш ар бир континетте жогорулап жаткандай. Алардын алдыңкыларына Бразилия, Индонезия, Филипин жана Түркия кирет.

AКШ биринчи орунда

Мындай көбөйүүлөрдү экономикадагы өзгөрүүлөргө байланыштырууга болот. Мисалы, Кытайда 2015-жылы баңгизатынын аткезчилиги жана телекоммуникация тармактарында алдамчылык сыяктуу кылмыштар көбөйгөн. Андан сырткары мамлекеттик мекемелерде иштеген аялдардын санынын көбөйгөн сайын паракорчулукка айыпталган кыз-келиндердин саны жогорулаган.

Жүз миңден ашык аял абакта жаткан Кытай бул жагынан экинчи орунда. Бирок бул көрсөткүч АКШда жаза өтөөчү жайлардагы аялдардын санынын жарымын гана түзөт.

Изилдөөчүлөр аялдарды камакка алуу чоң каржылык жана социалдык чыгымдарга алып келерин, коопсуздукка салым кошпой тургандыгын белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!