АКШ менен Кытай тыгыз кызматташат

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:35

Тыгыз кызматташтык Америка-Кытай мамилелеринде ийгиликке жеткирерин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бейшемби, 9-ноябрда АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууда белгиледи.

“Кытай менен АКШнын ортосундагы ийгиликтүү аракеттер барыдан мурда кызматташтыкка негизделиши керек. Бул эки өлкөнүн мамилесинде туура тандоо”,-деген Кытай лидери өлкөнүн өкмөтү жана АКШ бийлиги Корей жарым аралындагы абалды жөнгө салуу жагынан биргеликте иш алып баруу жагы макулдашылганын баса белгиледи.

Дональд Трамптын Кытайга болгон иш сапары 10-ноябрга чейин созулат. Бул Азиа-Тынч океан аймагы боюнча турнени бир бөлүгү. Ал эми башкы максаты Пхеньянга Түндүк Кореянын өзөктүк дымагын жок кылууга дипломатиялык жана экономикалык басымды күчөтүү жагын талкуулоо болуп саналат. Андан тышкары Пекин менен соода-экономикалык байланышты бекемдөө жана эл аралык коопсуздукту сактоодо кызматташтыкты активдештирүү жагы каралат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!