Гульнара Каримованын имараттары сүздүрүлөт

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 17:31

Ташкент шаарында Ислам Каримов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу имараттарды сүздүрүү иштери башталат. Жергиликтүү маалымат каражаттары бошогон аянтка “Tashkent City” борбору куруларын жазды.

Мурдагы Өзбекстан, учурдагы Ислам Каримов атындагы көчөдөгү бир нече көп кабаттуу имараттарды сүздүрүү иштери пландалууда. Алардын арасында Кино үйү, Гүлнара Каримованын фонду, Ташкент метрополитенинин башкармалыгы жайгашкан.

Аталган мекемелерди жаңы орундарга көчүрүү иштери башталды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!