9-ноябрь: Дүйнө кабарларына баяндама

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 18:18

Сауд Аравия башында турган коалиция Йеменди курчоого алганын токтотпосо миллиондогон адамдын өмүрүн алган ачкачылык болорун БУУнун Баш катчысынын Гуманитардык маселелер боюнча жардамчысы Марк Лоукок белгиледи.

Ал өлкөгө гуманитардык жана коммерциялык жүктөрдү жеткирүүдө учууларды жана бардык портторду ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле дүйнөлүк уюмга, анын өнөктөштөрүнө кийлигишүүнү токтотуу керектигин айтты. Эгерде курчоо алынбаса Йеменде ушул жылы он миңдеген адамдардын өмүрүн алган Түштүк Судандагы, 2011-жылы 250 миң адам көз жумган Сомалидегиден катаал ачкачылык болорун эскертти.


АКШнын Соода министри Уилбур Росс “Forbes” журналына өзүнүн каржылык абалы тууралуу жалган маалымат берген. Ал бул жол аркылуу АКШдагы 100 бай адамдын катарын толуктоону каалаганын басылманын сайты жазды.

2015-жылы Росс журналдын кабарчыларына капиталы 3,7 миллиард доллар экенин билдирген. Бирок Росс өлкөнүн Соода министри болордо байлыгын ачык айтканга аргасыз болгон. Андан улам “Forbes” журналынын аналитиктери анын байлыгы 700 миллион доллардан аз экенин билишти.

Россиянын президенти Влаимир Путин америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жума күнү, 10-ноябрда Вьетнамда жолугушат. Өлкө башчысынын жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, өлкө башчылары АТЭС саммитинин аянтчасында Сирия жана Корей жарым аралындагы абалды талкуулашат. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кризистик абал боюнча ой бөлүшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!