Аргентина курама тобунун чабуулчусу Лионель Месси 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын расмий тобун тапшырды.
Буга арналган салтанат бейшемби, 9-ноябрда Москвада өттү. Иш-чарага Месси менен бирге мадриддик “Реалдын” башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан жана башка курама командалардын өкүлдөрү катышты.
“Мага топтун өзү, өңү абдан жакты. Менде аны ойноп көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Жакшы топ”,-деди Месси.
“Adidas” компаниясы чыгарган топко “Telstar 18” деген аталыш берилди.
Россияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин өтөт. Турнирдик оюндар Москва, Калининград, Санкт-Петербург, Волгоград, Казань, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Сочи жана Екатеринбург шаарларында өтөт.