Банандын ордуна 12 тонна кокаин табылды

10-Ноя. 2017, Жума, 16:12

Колумбияда банан чарбасында жүргүзүлгөн операцияда өлкө тарыхында эң ири өлчөмдөгү же 12 тонна кокаин табылды.

“BBC” кызматындагы кабарга ылайык мамлекет башчысы Хуан Мануэль Сантос бул өтө ири өлчөм экенин белгилеген. Ошондой эле баңгизатынын базар баасы 360 миллион доллар болору кошумчаланган.

Полиция колго түшүрүлгөн кокаин “Клана Залива” тобунун башчысы Даиро Усугага тиешелүү экендигин билдирген.

Операцияда 4 адам камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!