Трамп жана Путин кыска убакыт баарлашты

11-Ноя. 2017, Ишемби, 15:42

Президент Владимир Путин жана Американын лидери Дональд Трамп Вьетнамда өткөн АТЭС саммитинде сүрөткө түшөөр алдында кыска убакыт сүйлөшкөнүн “Reuters” агенттиги кабарлаган.

Ага чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс Трамп Путин менен саммитте жолугушпай тургандыгын, бул АКШнын президентинин күн тартибинде каралбагандыгын билдирген. “Алар бир жерде болушкандыктан жолугушуп саламдашышы толук мүмкүн”,-деген Сандерс.
“Reuters” ишемби, 11-ноябрда Трамп жана Путин бири бирине кол булгаганын жазган. Алардын ортосунда сүйлөшүүлөр лидерлер сүрөткө түшкөнү бара жатканда болгон.

Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бир нече мүнөттөргө созулган Путин жана Трамптын сүйлөшүүсүндө алар Сирия боюнча биргелешкен билдирүүнү жактырганын белгилеген. Документ эки өлкөнүн эксперттери тарабынан жактырылган. Ал Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун кароосунан өткөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!