Одре Азуле ЮНЕСКОну жетектемей болду ​

11-Ноя. 2017, Ишемби, 16:36

45 жаштагы Франциянын өкүлү бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келе жаткан болгариялык дипломат Ирина Бокованын ордуна барат.

Франциянын мурдагы Маданият жана массалык коммуникация министри Одре Азуле жума күнү Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Билим, илим жана маданият тармагын тейлеген мекемесин (ЮНЕСКО) жетектемек болду. Уюмдун Париждеги штаб-квартирасынын маалыматына караганда мындай чечим аталган уюмдун башкы конференциясында чыгарылган.

Азуле Париж-Дофин университетинде билим алган. 2014-жылы Франциянын президенти Франсуа Олланддын Маданият жана коммуникация тармагында жардамчысы болуп иштеген. 2017-жылдын май айына чейин Маданият жана массалык коммуникация министри болуп эмгектенип, андан соң ЮНЕСКОнун башкы директорлугуна талапкерлигин койгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!