Иран жер титирөөдөн жабыркады

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:41

Ирак жаны Ирандын чек арасында дүйшөмбү, 13-ноябрга караган түнү жер титирөө болгонун Европа Жер ортолук деңизинин сейсмологиялык борбору (EMSC) кабарлаган.

“Fars News Agency” агенттиги көз жумгандардын саны 60 адамга, жарадарлар 300гө жеткенин жазды. Маалыматка караганда стратегиялык жайлар, анын ичинен мунай, газ инфраструктуралары жабыркаган эмес.

Ирандын маалымат каражаттары жаратылыш кырсыгынан өлкөнүн батышындагы Каср-э-Ширин, Илам, Керманшах шаарлары жабыркаганын кабарлады. Кырсык болгон аймакта Кызыл жарым ай коомунун жергиликтүү бөлүмү куткаруу, издөө иштерин жүргүзүүдө. Алардан тышкары кошумча күчтөр жөнөтүлгөн.

Аймактын бийлик өкүлдөрү эли зарыл азык-түлүк менен камсыздалганын маалымдоодо.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!