Бойдоктор күнүндө соода рекорддук көрсөткүчкө жетти

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 13:55

Кытай “Бойдоктор күнү” деген аталыштагы 11-ноябрдагы майрамда 25,3 миллиард доллар соода кылуу менен дүйнөдө рекорд койду.

Аталган өлкөдө e-соода тармагында алдыңкы орундагы “Alibaba” компаниясына караштуу “Taobao” жана “Tmall” соода платформалары бир күндө 168 миллиард 3 миллион юань (25,3 миллиард доллар) сатык жүргүзгөн.

Анда электроника, эмерек, турмуш-тиричилик техникалары, кийимге тапшырыктардын саны 800 миллиондон ашкан.

11-ноябрда бул күнгө карата “Alibaba” компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Шанхай шаарында иш-чара уюштурган. Ага голливуд жылдыздары чакырылган.

Кытайда онлайн платформаларда соода эң жогорку чекке жеткен “Бойдоктор күнү” менен АКШда соода эң көп болгон “Ыраазычылык күнү” атаандаштыкта.

Бирок Кытайда “Бойдоктор күнүндө” соода АКШнын “Black Friday” жана “Cyber Monday” соода фестивалдарынан көп болгон.

Өткөн жылдагы 17,7 миллиард долларлык сатыктан кийин Кытайдын акча бирдиги юань доллардын алдында күчтөнгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!