Флинн жашыруун соода жүргүзгөнбү?

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:02

Ак сарайдын мурдагы Коопсуздук кеңешчиси Майкл Флинн жана анын уулу Фетхуллах Гүленди кайтарып берүүгө байланыштуу Анкара менен жашыруун соодалашканы айтылды. Флинндин адвокаттары айтылгандарды жокко чыгарса, Вашингтон бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Американын “The Wall Street Journal” гезити түрк өкмөтүнүн өкүлдөрү Флиннге Гүленди Имралы аралына качырса 15 миллион доллар төлөөнү сунуштаганы тууралуу кабар жазган.

Маалыматка караганда сүйлөшүү өткөн жылдын декабрь айында Нью-Йоркто “21” аттуу клубда жүргүзүлгөн.

“NBC” кабар каналы бул жыйында ирандык ишкер Реза Заррабды бошотуу талкууланганын билдирген.

Бул боюнча иликтөөлөрдү Россиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн изилдеп жаткан прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөнү белгилүү болду.

Түркия 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүленди айыптап, анын камалуусун жана Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылууда. Ал эми Ак сарай Гүлен боюнча чечимди Федералдык сот чыгарарын билдирип келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!