Үч байдын кирешеси ашып-ташууда

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 15:09

АКШдагы белгилүү үч адам – “Amazon” негиздеген Джефф Безос, “Microsoft”тун башчысы Билл Гейтс жана инвестор Уоррен Баффеттин байлыгы АКШдагы жарым калктын, тагыраагы 160 миллион адамдын байлыгынан ашып кетти. Бул тууралуу “lenta.ru” маалымдады.

“Forbes” журналындагы тизмеге шайкеш, жогоруда аталган бизнесмендердин жыйынтык капиталы 250 миллиард долларга бааланды.

Мааламатка ылайык, АКШдагы эң бай 25 миллиардердин анын ичинде “Facebook”тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана “Google”ды куруучуларынын бири Ларри Пейдж менен Сергей Бринин байлыгы бир триллион долларга жеткен.

Америкалык үй-бүлөнүн орточо деңгээли 80 миң доллар болот.

Эксперттер азыркы учурда бай менен кедейдин ортосундагы ажырым чоңойуп келе жатканын айтышат. Алар салык аркылуу капиталдын ашыкча топтолушун иретөөнү сунушташат.

8-ноябрь күнү “Forbes” АКШнын соода министри Уилбур Росту өз байлыгын жалган көрсөттү деп айыптады. 13-жыл мурун “Forbes”го өзүнүн активдери бир миллиард долларга жеткенин маалымагандан кийин ал эң бай 400 америкалыктын катарына кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!