13-ноябрь: Дүйнө кабарларына баяндама

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 18:06

Астананын Дин иштер башкармалыгынын жетекчиси Данияр Есин Казакстандагы диний экстремизм менне күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ал бүгүнкү күндө Сириядан 390 казакстандык балдарды алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле алар мекенине кайтарылганда радикалдык агымдардын таасиринен жабыркагандар реабилитациядан өтөрүн кошумчалады.

“Байконур” комплексинин ижарага алынган жеринин айрым бөлүгү Кызылордо областына кайтарылып берилгенин Казакстандын Коргоо жана аэрокосмостук өндүрүш министрлигинин маалымат кызматы билдирген.
Ага ылайык, Челябинск шаарында өткөн Россия менен Казакстандын Аймактык кызматташтык форумунда "Роскосмос" корпорациясынын башкы директорунун орун басары Александр Иванов жана Казакстандын айыл-чарба боюнча биринчи вице-министри Кайрат Айтуганов эки өлкөнүн ортосундагы "Байконур" комплексинин ижарасы боюнча келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча протоколго кол коюшкан.

Улуу Британия Европа биримдигинен (ЕБ) чыгуу үчүн 60 миллиард евро төлөшү керектигин Европарламенттин жетекчиси Антонио Таяни “Funke” немис медиа тобуна берген маегинде айтты.

“Менимче минимум 60 миллиард евро болот. Эгерде бул сумманы Улуу Британия төлөбөсө аны ЕБдин башка өлкөлөрүнүн жарандары төлөөгө туура келет”,-деген Антонио Таяни.
Буга чейин Лондон Еврозонадан чыгуу үчүн 40 миллиард евро төлөөгө даяр экенин билдирсе, ЕБ бул сумма 100 миллиард еврого жетерин айткан.
Ошол эле мезгилде Европарламент тараптар бир пикирге келе алышпаса Лондондун ЕБден чыгуу боюнча талкуулар 2018-жылдын февраль-март айына жылдырыларын эскерткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!