Трамптын уулу кимдер менен байланышкан?

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 13:44

АКШнын президенти Дональд Трамптын уулу кенже Дональд Трамп “Twitter” тармагында “WikiLeaks” сайтынын өкүлдөрү менен бир нече жолу кабарлашканын тастыктады.

“Бул жерде “WikiLeaks” менен маалымат алмашуулар жарыяланды. Ачыкка чыгарууну каалап жаткан Конгресстин комитеттерине менин жообум!”,-деген президенттин уулу жазуулардын скриншотун тиркеген.

Американын лидеринин уулу Трамптын Россия менен болгон “байланышы” боюнча кептерге себеп болуп жаткан саясий фонд тууралуу катты да кошумчалаган.

Билдирүүлөр өткөн айдын сентябрь жана октябрь айларында жиберилген.

“Atlantic” журналы Кенже Трамп “WikiLeaks” менен АКШда шайлоо өнөктүгүнүн алдында байланышканын буга чейин эле жазган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!