Дарбыздын ордуна жөлөк пул алды

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 15:23

АКШнын Алабама штатында “Walmart” соода жайында жыгылып, буту аксаган Генри Уокер аттуу кардарга 7,5 жарым миллион доллар компенсация чегерилди. Ал дарбыз алып жатканда буту өтмөктүн алдындагы тактага кыпчылган. Андан кулап, жамбашы жана буту сынган.

Кырсык 2015-жылдын июль айында болгон.

Окуя учурунда 59 жашта болгон Уокер жумасына үч жолу баскетбол ойногондугун, окуядан кийин коляска менен жүрүүгө аргасыз болгонун айткан.

“Walmart” буга кардардын көңүл койбогону себеп болгонун билдирип, актанып келет. Ошондой эле соттун чечимине даттанарын эскертти. Ал эми Генри Уокердин адвокаты кырсыкка кабыларын ойлобогонун, соттун чечими адилеттүү экенин айтат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!