АКШ коргонууга 692 миллиард доллар бөлдү

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:08

АКШнын Өкүлдөр палатасы 626,2 миллиард доллар базалык бюджет, 65,7 миллиард долларды тышкы операцияларга бөлдү. Жыйынтыгында Коргоо министрлиги 692,1 миллиард долларлык 2018-каржылык жылдын бюджетин бекитти.

Сенат жана Өкүлдөр палатасынын Куралдуу кызматтар комитети өз өзүнчө даярдаган, кийин айырмачылыктар орток комиссияда каралган Улуттук коргоо боюнча мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасынын башкы жыйынында 356 добуш менен кабыл алынды. Каршылардын саны 70ке жеткен.

Бюджет боюнча мыйзам долбоорунда аскер кызматкерлерине 2,4, аскер санында 20 миңдей көбөйүүлөр болору каралган.

Ошондой эле ракетадан коргонуу үчүн каржылоого 4,4 миллиар доллар, өзөктүк куралдар боюнча ишмердиктерге 10,37 милиард доллар бөлүнгөн.

Афганистандагы операцияларга багытталган каржыларда олуттуу көбөйүүлөр болору белгиленген.

Белгиленген бюджет өткөн жылдын базалык бюджетинен 74 миллиард доллар, Ак сарай 2018-каржылык жылы үчүн талап кылган базалык бюджеттен 23 миллиард доллар көп экени жазылган.

Коргоо министрлигинин бюджети декабрь айынын башында Сенат бекиткенден кийин АКШнын президенти Дональд Трампка кол коюга берилет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!