​16-ноябрь: Дүйнөлүк кабарларга баяндама

17-Ноя. 2017, Жума, 11:11

Австралиялык дипломат Жулиан Симпсон жетинчи кабаттан кулап көз жумду. Кырсык Нью-Йорк шаарында болгон.

30 жаштагы дипломат жубайы экөө достору менен кечээде көңүл ачып жүрүшкөн.

Лондондун “Gatwick” аэропортунда Лондон Женева сапарына даярданып жаткан “Easyjet” жүргүнчү учагында бир адам дааратканага бекинип алганы белгилүү болду.

Маалыматтарга караганда “Easyjet” экипажы система бардык орундар толук экенин, даараткана бош эместигин көрсөткөн эскертүүсүнөн улам шектенишкен.

Жашынган жеринен чыгарылып, камакка алынган адамдын учакка кантип киргени белгисиз. Учаардан мурда баштан аяк текшерилгени менен кооптонгон айрым жүргүнчүлөр сапар тартуудан баш тартты.

Атинанын батышындагы Элефсис аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан пайда болгон селден 15 тургун көз жумду.

Премьер-министр Алексис Ципрас жоготууларга байланыштуу өлкөдө бир күн аза күтүү күнүн жарыялады.

Капысынан каптаган сел агып өткөн жердин бардыгын зыянга учуратты. Өзгөчө төмөнкү кабаттарда жашагандар жабыркады.

АКШнын президенти Дональд Трамп Азия туру боюнча сүйлөп жатып суу ичип, тыныгуу жасоого аргасыз болду. Ал столунун алдындагы шишени залдагылардын жардамы менен араң тапты.

Бул аракет Республикачылардын баштапкы шайлоолордогу талапкери Марко Рубио тез-тез суу иче бергендиги, аны Трамптын тамашага салганын эске түшүрөт. Анда ал Рубионун камера алдында суу ичкенин туурап, атаандашын сынга алган.

Рубио “Twitter” баракчасында Трапм суу ичкен көрүнүштү тамашага салып, “Шишени бир караганда эле тапканы жакшы. Көзүн камералардан албашы керек эле”,-деп жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!