Зимбабвени убактылуу “Крокодил” башкарат

17-Ноя. 2017, Жума, 11:22

Зимбабвени 37 жыл башкарган 93 жаштагы президент Роберт Мугабени камаган өлкөнүн аскерлери ал жана анын жакындарынын өмүрүндө коркунуч жок экендигин билдиришкен.

Путчачылардын айтымында 17-ноябрда президенттин милдетин аткарууга 6-ноябрда Мугабе орун басарлыктан четтеткен экс-вице-президент Эммерсон Мнангагва киришет. Ал өлкөдө “Крокодил” деген лакап ат менен белгилүү. Буга чейин Роберт Мугабенин мураскери жубайы болору болжолдонуп жаткан.

Африка союзунун жетекчиси, Гвинеянын президенти Альфа Конде Зимбабведеги төңкөрүшкө окшогон көрүнүштөрдү сынга алган.

“Африка биримдиги күч колдонуу менен бийликке каршы чыгууга макул эмес. Афросоюз өлкөнүн легитимдүү өкмөтүн колдойт,-деген жана аскерлерди казармага кайтууга чакырган. Ошондой эле ал чет элдик уюмдарды кийлигиштирүүнүн зарылдыгы жок экенин, аскерлер Конституцияга баш ийиши керектигин кошумчалаган.

Маалымат каражаттары 15-ноябрда Зимбабвенин “Зед-би-си” мамлекеттик телекомпаниясынын имаратын басып алган аскер кызматкерлери өлкө президенти Роберт Мугабени жана үй-бүлөсүн кармап турушканын жазган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!