Саудия королу тактысын тапшырат

18-Ноя. 2017, Ишемби, 14:13

Сауд Арабиянын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд келерки аптада таажысын 32 жаштагы уулу мураскер Мухаммед ибн Салман Аль Саудга өткөрүп берет.

Англиянын “Daily Mail” гезити королдун үй-бүлөсүнө жакын булакка таянып жазган кабарга ылайык король Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд мындан кийин саясатта Англиядагы королева сыяктуу роль алат.


Мураскер Мухаммед ибн Салман Аль Сауд Арабияда кырктан ашык принц жана өкмөт жетекчиси паракорчулукка айыптап камагандан кийин Саудия королдугунун үй-бүлөсүнөн коррупция боюнча кармалгандар люкс “Ritz Carlton” мейманканасында жатканынын сүрөттөрү жарыяланган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!