Адамдын башын алмаштырган операция жасалды

18-Ноя. 2017, Ишемби, 14:34

Кытайда адамдын башын башка денеге жайгаштыруу операциясы ийгиликтүү жүрдү. Бул тууралуу италиялык хирург Серджио Канаверо вена шаарында маалымат жыйынында билдирген.

Анын айтымында, Кытайдын “Харбина” медициналык университетинин дарыгерлери адамдын башын өлгөн адамдын денесине трансплантациялоону ишке ашырды. Тирүү адамга операция жасоо жакынкы күндөрдө 2017-жылдын декабрь айында жүргүзүлөт.

Адамдын башын башка денеге которуу операциясы 18 саатка созулган. Дарыгерлер жүлүндү, нерв жана кан тамырлады ийгиликтүү бириктирүүгө жетишкен.

Эскерте кетсек, 2016-жылы январда кытайлык окумуштуулардын тобу маймылдын башын алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жүргүзүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!