Варшава үйсүз поляктарга жардам берет

18-Ноя. 2017, Ишемби, 14:57

Кийинки жылдан баштап Польша Берлиндеги үй-жайы жокторго жардам берерин билдирди. Мындай пикирди Польшанын Германиядагы элчилигинин өкүлү Дариуш Павлос айтты. Анын билдиргенине караганда польшалык соцкызматкерлер Германиянын борборунда башка калкаалаганга жери жоктор боюнча активдүү иштегени турат. Зарылдык болсо аларды мекенине кайтарууга аракеттер жүрөт.

Германиянын шаарларында көчөдө жүргөн үй жайсыз адамдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Алардын көп бөлүгүн Европа биримдиги жана Европанын чыгышындагы мамлекеттеринин жарандары түзөт. Алар боюнча статистиканы немис бийлиги келтире элек. Бирок Павлостун айтымында бир эле Берлинде үйсүз поляктар 2 миңден ашат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!