Адамдын ичинде эркелеп жашаган балык

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:23

Кытайда ичи ооруп ооруканага кайрылган 40 жаштагы адамдын ичинен дарыгерлер жандуу жылан сымал балык алып чыгышты. Дарыгерлердин айтымында жаныбар ичегилер аркылуу жылып жүргөн.

Сазда жашаган балыктын мындай түрү кантип ичине киргенин айтуудан баш тарткан бейтап учурда ооруканада дарыланууда.

Маалыматтарга караганда, адамдардын ичинен тирүү балык чыкканы Кытайда биринчи учур эмес. Ушул жылдын апрель айында 49 жаштагы дагы бир адам ушундай арыз менен дарыгерлерге кайрылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!