Россиянын Дамасктагы элчилигине миномет менен кол салуу болгонун, анын огу имараттын дубалынын сыртына түшкөнү белгиленди.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен келген билдирүүдө окуяда элчиликтин имараты, электр зымдары жана суу түтүктөрү жабыркаганы жазылган. Ошондой эле кызматкерлерден жаракат алгандар жок экени белгиленген.