Тоют жок малды союп жатышат

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 15:43

Пиреней жарым аралындагы жана Испаниядагы чоң Тахо суусу кургап калуу коркунучунда турат. Жаан жачынга байланыштуу көйгөйлөр өткөн жазда башталган. Ысык жана кургакчыл күз мезгили маселени ого бетер татаалдаштырды. Эксперттер 2100-жылы королдуктун маанилүү бөлүгү чөлгө айланарын айтышууда.

Испаниянын “AEMet” метео кызматынын өкүлү Ана Касалс ал аймактарда фотосинтез жүрбөгөнүн, өсүмдүктөр калбай баратканын билдирген.

Кургакчылык барыдан да айыл чарбасына залакасын тийгизди. Жаан-чачындын болбогондуктан дан өсүмдүктөрдүн түшүмү 70 пайызга төмөндөдү. Айрым айылдарда тоют болбогондуктан малды союуга туура келген.

Суу сактагычтарда сууну запасы 37 пайызга кыскарган. Эл арасында суунун үнөмдөлгөнү анчалык сезилбейт. Анткен менен жергиликтүү бийлик шаарлардагы декоративдик жайларда жана фонтандарда суунун пайдаланылышын тыкыр көзөмөлгө алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!