Бийликти тынч өткөрүп берди

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:14

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе шейшемби, 21-ноябрда кызматынан кетти. Анын билдирүүсүн өлкөнүн парламентинде мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы окуду.

“Мен Роберт Габриэль Мугабе Зимбабвенин президенттигинен кеткенимди жарыялайм. Мындай чечимди ыктыярдуу түрдө кабыл алдым. Мен бийликти тынч өткөрүп берүү үчүн кызматтан кеттим. Чечимимди эл кабыл алышын өтүнөм”,-деп жазган.

Парламенттин жыйынында чогулгандар чечимди колдоду.

Ыктыярдуу отставкадан кийин импичмент процесси токтотулду.

Өткөн жумада өлкөнү аскерлер көзөмөлгө алып, 93 жаштагы Мугабе партиядан чыгарылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!