“Tencent” “Facebook” тармагын тактыдан түшүрдү

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:51

Кытайдын телекоммуникация компаниясы жана социалдык медиа гиганты “Tencent” 534,5 миллиард долларга жеткен рыноктук наркы менен “Facebook” тармагын тактыдан түшүрдү. Ошондой эле дүйнөдөгү эң ири беш компаниянын арасына кирген алгачкы азиялык ишкана болду.

“Bloomberg” компаниясынын кабарына ылайык “Tencent” кечээ Азия биржаларында рекорд коюп 500 миллиард доллар тапкан алгачкы Азиянын ишканасы болду.

Рыноктогу наркы 534,5 миллиард долларга жеткен “Tencent” мындай жол менен АКШнын 519,4 миллиард долларлык социалдык медиа гигианты “Facebook” тармагын артка калтырды.

Ишкананын ээси Ма Хуатенг 39 миллиард доларлык байлыгы менен “Alibaba” компаниясын негиздеген Жек Мадан ашып, “Forbes” журналынын рейтинги боюнча Кытайдагы экинчи бай адам болду.

Тизмеде “Apple”, “Alphabet”, “Microsoft” жана “Amazon” компаниялардан кийинки бешинчи сапка жазылган “Tencent” тармагынан кийин “Facebook”, “Alibaba” жана “Samsung Electronics” жазылды.

Кытайдан башкага көп таанылбаган медиа тармагынын “WeChat” тиркемесин дүйнөдө 1 миллиард адам колдонот. Мазмуну жана кабарларынын маанилүүлүгү жана оюндарга инвестиция салуу менен мыкты көрсөткүчтөргө жетишти.

Эл аралык технология ишканаларына инвестиция жасаган “Tencent” “Tesla” компаниясынын 5 пайыз акциясын, “SnapChat” тиркемесинин ээси “Snap” ишканасынын 12 пайыз акциясын сатып алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!