Байыган жаш ишкер белгилүү болду

22-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:44

Интернет төлөм системасы менен иш алып барган “Stripe” компаниясынын негиздөөчүсү 27 жаштагы ирландиялык ишкер Жон Коллисон дүйнөдө төмөндөн бийиктикке жогорулаган эң жаш миллиардер болду.

Ал 29 жаштагы агасы Патрик менен 2011-жылы Сан-Францискодо негиздеген “Stripe” компаниясын бир топтору тааныбайт. Бирок дүйнөлүк деңгээлде бир топ ишкана “online” төлөм максатында пайдаланып келет.

Дүйнөдө 100 миңдеген ашык кардары бар “Stripe” компаниясынын наркы өткөн жылы 9 миллиард доллардан ашкан. Андан улам “Forbes” журналы Жон Коллисондун жеке байлыгы 1,1 миллиард долларга жеткенин жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!