Шапке сатып 3 күндө 300 миң доллар тапты

24-Ноя. 2017, Жума, 14:14

Технология тармагындагы инвестициялары менен белгилүү Илон Маск тоннель ачуу долбоору менен алек болгон “The Boring Company” ишканасынын шапкелерин чыгарган. Анын сатыкка чыгарганда 3 күндө 300 миң доллар тапкан.

Ири технология компаниясы эмне себептен шапке сатты деген суроо үч күндө 300 миң доллар табууга себеп болгон сыяктанат. Бул таң калууга анын баасын кошулган. Маселен, компаниянын логотиби түшүрүлгөн кара өңдөгү баш кийим 20 доллардан турган.
Маск “Twitter” баракчасына ар бири 20 доллардан турган шапкеден 24 саатта 4 миңи сатылганын жазган. Биринчи эле күнү 80 миң долларык тапшырык түшкөн. Анын үстүнө Илон Маск 5000-шапкени сатып алган адамга белек бар экенин, алган шапкеге кол коюп берерин убада кылган.

Баш кийим саткан “The Boring” компаниясы тоннелдерди тездик менен ачуучу машиналарды чыгарат. Бул боюнча иштерди жаңылоону максат кылган. Масктын көздөгөнү жогорку тездикте саякаттоочу унааларды, коомдук транспорт каттамдары үчүн түрдүү тоннелдерди, дегеле жер астында транспорт инфраструктураларын куруу.

Андан улам Илон Маск шапка эле эмес, эмне сатса да өтө берет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!