Кытай: “Башты алмаштырууга” уруксат жок

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 16:43

Ноябрь айында адамдын башын башка денеге жайгаштыруу операциясы ийгиликтүү жүргөнүн италиялык профессор Серджио Канаверо жарыялаган эле. Эми тирүү адамга мындай операция жасоого Кытай уруксат бербей турганы белгилүү болду. Бул туурасында Кытай эл аралык радиосу кабарлады.

Кытайдын орган алмаштыруу комитетинин президенти Хуан Жиефу 25-ноябрда “China Daily” гезитине берген маегинде операциянын мындай түрү техникалык жактан мүмкүн эместигин айтты. Ошондой эле орган алмаштырууга байланыштуу Кытай мыйзамдарына да туура келбей тургандыгын кошумчалады.

Италиялык хирург Канаверо буга чейин Кытайдын “Харбина” медициналык университетинин дарыгерлери адамдын башын өлгөн адамдын денесине трансплантациялоону ишке ашырганын айткан. Орган алмаштырууга байланышкан мындай операция 18 саатка созулганын, дарыгерлер жүлүндү, нерв жана кан тамырларды ийгиликтүү бириктиргенин баса белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!