Түтөгөн тоонун түтүнү

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 12:42

Мексикада Попокатепетль вулканы үч миң метр бийиктикке күл бүрккөнүн шейшембиде өлкөнүн жарандарды коргоо кызматынын координатору Луис Фелипе Пуэнте билдирди.

“Попокатепетль жанарынын күлүнүн бийиктиги үч миң метрге жетти”,-деди Пуэнте “Twitter” тармагындагы микроблогунда.

Попокатепетль ацтектердин тилинен которгондо “Түтөгөн тоо” дегенди билдирет. Ал деңиз деңгээлинен 5,4 миң метр бийиктикте жайгашкан. Ал Мексиканын символдорунун бири болуп эсептелет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!