Кеме келбегенде ачкачылык жарыялады

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:02

Аргентинанын жоголгон "Сан-Хуан" кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн биринин 37 жаштагы Марта аттуу эжеси инисинин келерин күтүп ачкачылык жарыялап жатканын “РИА Новости” агенттиги жазды.

“Бүгүн мен ачкачылыкты баштадым. Мен динге берилген христиан катары диний ишенимдерим боюнча жасап жатам”,-деди эжеси.

Ал аял учурда кеме күтүлгөн Мар-дель-Плата аскер деңиз базсында жүрөт. Эже сиңдилер болгону суу жана шире ичип жатышат.

Эске салсак, “Сан-Хуан” кемеси менен байланыш 15-ноябрда үзүлгөн. Анда экипаждын 44 мүчөсү болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!