Автобустун астына жашынып, 80 км жол жүрдү

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:40

Кытайдын бир аймагынан башка бир аймагына иштегени кеткен ата-энесин көрүү үчүн эки өспүрүм бала автобустун астына жашынып алып 80 киллометр сапар жүргөндүгү боюнча сүрөттөр медиа тармагында чоң талаш-тартышты жаратты.

Үстүбүздөгү айдын 23-ноябрында милицияга дайынсыз деп билдирилген Гуанши провинциясынын жакыр бир айылында жашаган сегиз жана тогуз жаштагы бир тууган балдар автопарктан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген.

Кытайда жарыяланган “Southern Morning Post” гезитиндеги маалыматка караганда, балдар өтө арык болгондугуна байланыштуу алар автобустун астына оңой эле батып кетишкен.

Аттары ачыкталбаган балдар ата-энесин өтө сагынгандыктан Гуандун провинциясына барууга аракеттенишкенин айтышкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!